Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:36

Президент: Биз насыя алуу саясатыбызды өзгөрттүк


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-июлда Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосуна» берген маегинде мамлекет насыя алуу саясатын өзгөрткөнүн айтты.

«Биз беш жылдык кыска мөөнөттүү насыяларды алганды токтотуп жатабыз. Дүйнө жүзүндө жүгүртүүдө акча көп. Биз тышкы карыздын жүгүн мындан ары жеңилдетишибиз керек. Ошондуктан алсак да жеңилдетилген насыя, айрыкча гранттарды алууну туура көрүп жатабыз», - деди.

Сооронбай Жээнбеков буга чейин 5-10, 15-20 жыл мурун алынган карыздарды жана беш жылдык мөөнөт менен алынган оор насыяларды төлөө мөөнөтү да келгенин кошумчалады.

Өлкө башчы Кытай менен, Париж клубунун мүчөлөрү — Германия, Франция, Дания, Түштүк Корея, Жапония жана Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт экономикалык өнүктүрүү фонду менен тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтото туруу макулдашылганын билдирди.

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, ушул жылдын 31-майына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 351 млрд. 27 млн. 580 миң сомду түзөт, анын 85,8% тышкы карыз. (BTo)

XS
SM
MD
LG