27-июль күнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Кээ бир райондордо нөшөрлөгөн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 19...24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 29...34;
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 27...32;
Бишкек шаарында түнкүсүн 17...19, күндүз 28...30 градус болот.