Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Боом капчыгайында сел жүрүп, машинелердин тыгыны пайда болду


Социалдык тармактан алынган сүрөт. Боом капчыгайы.
Социалдык тармактан алынган сүрөт. Боом капчыгайы.

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайынын 151-чакырымында сел жүрүп автоунаалардын тыгыны пайда болду.

Бул маалыматты Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов ырастады. Анын сөзүнө караганда, сел жүргөн аймакта №32 жол тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен техникалары иштеп жатат.

Аталган бөлүмдүн жетекчиси Тилек Молдошев автоунаалардын тыгыны эки чакырымга чейин жеткенин, машинелер акырындап жүрүп жатканын билдирди.

Социалдык тармактарда Боом капчыгайын сел каптап, машинелердин тыгыны пайда болгону тууралуу видеотасмалар тарады. (BTo)

XS
SM
MD
LG