Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Францияда ыктыярчы чиркөөнү өрттөгөнүн мойнуна алды


Өрттөлгөн собор. 18-июль, 2020-жыл. Франция.
Өрттөлгөн собор. 18-июль, 2020-жыл. Франция.

Нантедеги чиркөө коомчулугунун ыктыярчысы Франциядагы готикалык чоң соборлордун бири болгон Ыйык Петр жана Павел соборун өрттөгөнүн мойнуна алды. Бул жөнүндө француз медиа каражаттары кабарлашты. Ыктыярчынын жактоочусу анын кардары кылганын мойнуна алганын жана өкүнүп жатканын билдирди.

Руанданын 39 жаштагы тургуну соборду жаап кетүүгө милдеттүү болгондуктан, 18-июлдагы өрттүн эртеси көрсөтмө бериш үчүн кармалган. Сурактан кийин ал коё берилип, ишемби күнү кайра кармалды. Анын өрт чыгаруу максаты маалымдала элек.

Ал соборду үч жерден күйгүзгөнүн билдирди. Бул жөнүндө окуядан кийин дароо эле атайылап өрттөлгөн деген версиясынан кайтпаган эксперттер айтышкан.

Өрттүн кесепетинен улам 17 кылымдык орган күйүп, бир нече витраждар талкаланып, храмдын ички жасалгаларына зыян тийген. Ал эми конструкция өзү зыян тарткан эмес.

Кармалган адам 10 жылга эркинен ажыратылышы жана чоң айыпка тартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG