Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Британ элинин көпчүлүгү Брекзитке Орусия кийлигишкен деп эсептейт


Брекзитке каршы демонстрациянын катышуучусу. Лондон. 21-июль, 2020-жыл.
Брекзитке каршы демонстрациянын катышуучусу. Лондон. 21-июль, 2020-жыл.

Британиянын дээрлик жарымы 2016-жылкы Брекзитке, ошондой эле былтыр Европарламенттин шайлоосуна Кремль кийлигишкен деп эсептейт. Бул жөнүндө «The Guardian Opinium» компаниясы жүргүзгөн сурамжылоодон соң маалымдады.

Сурамжылоого катышкандардын 49% Брекзит боюнча референдумга Орусиянын тиешеси бар деген оюн билдиришти. Европарламентке болгон шайлоого Орусияга кийлигишкенине респонденттердин 47% ынанган. Ал эми буга кошулбагандар эки эсе аз.

Шайлоонун жүрүшүнө Орусиянын тиешеси бар экенине ишенгендер – лейбористтердин шайлоочулары.

Мурдараак Орусия 2019-жылдагы парламенттик шайлоого кийлигишкенин Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб билдирген.

Британ парламентинин коопсуздук жана чалгындоо боюнча комитети өз кезегинде Кремлдин жергиликтүү саясатка таасири жөнүндө баяндамасын жарыялады. Комитеттин чечимине ылайык, Орусия 2014-жылы Шотландиянын Бириккен падышалыктан көз каранды эместиги жөнүндөгү референдумдун жыйынтыгына таасир тийгизгенге аракет кылган. Ошол эле учурда баяндамада Орусиянын Брекзит боюнча референдумга тиешесине түздөн-түз далил жок.

XS
SM
MD
LG