Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Өзбекстанда көр казуучулар топторун түзүү сунушталды


Ташкенттеги көрүстөн. Иллюстрациялык сүрөт.
Ташкенттеги көрүстөн. Иллюстрациялык сүрөт.

Ташкентте жана башка чоң шаарларда атайын көр казуучулардын тобун уюштуруу сунушталууда. Жергиликтүү ЖМКнын маалыматы боюнча, коронавирустун жайылышы боюнча күнүмдүк расмий статистикага элдин ишеними күндөн-күнгө азайып жатат.

Журналист Аброр Захидов коронавирустан каза болгондорду оорукана кызматкерлери көмүүгө милдеттендирилип жатканын белгилеп, муну токтотууну талап кылды. Ал маркумду узатуу зыйнатын жүргүзүүчү атайын топторду түзүүнү сунуш кылды.

«Азыркы коронавирустан каза болгондорду оорукананын жумушчулары көөмп жатышат. Мындай көмүүнү токтотуш керек. Жок дегенде Ташкентте жана башка чоң шаарларда убактылуу атайын көр казуучу топторду уюштуруп, аларга нускама иштеп чыгыш керек. Албетте, жумушчуларды табуу оңой болбошу мүмкүн. Эгерде маянасы жакшы болсо, жумушчу сөзсүз табылат. Андан тышкары биз ыктыярчылар жөнүндө унутпашыбыз керек», - деп жазды журналист. Захидов көр казуучулардын атайын топтору медицина кызматкерлеринин убактысын үнөмдөйт деп эсептейт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) 25-июлга карата маалыматы боюнча, Өзбекстанда коронавируска чалдыккандар 20 551 адамга жетти. Акыркы суткада бул ооруну жугузган 579 адам катталып, 11 105 адам айыкты. Коронавирустан өлгөндөрдүн расмий саны 116 адам.

XS
SM
MD
LG