Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:45

Өзбекстанда карантин 15-августка чейин узартылды


Өзбекстандагы карантин. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстандагы карантин. Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкөнүн коронавируска каршы атайын комиссиясынын чечими менен Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр 15-августка чейин узартылды. Мурунку чечим боюнча чектөөлөрдүн мөөнөтү 1-августта бүтмөк.

Карантин учурунда массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат. Жарандар аралыкты сактоого, көчөдө, коомдук жайларда, короодо үчтөн ашык адам чогулбоого, сөзсүз түрдө беткап кийүүгө милдеттүү. Жашы 65тен өтүп калган адамдарга муктаждык болбосо үйдөн чыкпоо сунушталды.

15-августка чейин коомдук транспорт жүрбөйт, буюм саткан базарлар менен ири соода түйүндөрү иштебейт.

Парктардын, фитнес жана машыгуу залдарынын, бассейндердин ишине да тыюу салынды. Коомдук тамактануучу жайларга тамакты даярдап, жеткирип берүүгө гана уруксат берилди.

Бала бакчалар менен окуу жайларынын иши жанданбайт.

Чач тарачтар менен сулуулук салондорунун ишине уруксат жок. Санаторийлердин, пансионаттардын, балдардын эс алуу лагерлеринин, жатаканалардын, мейманканалардын, пляждардын жана башка эс алуу жайларынын ишине тыюу салынат.

Мекеменин маалыматына караганда, 10-июлдан тартып чектөөлөрдүн узартылышы коронавирустун жайылышын азайтууга мүмкүнчүлүк берди.

Оору жуккандар азайып, айыккандар көбөйдү.

Өзбекстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 20,5 миңден ашты. 11 миңден ашуун адам айыгып чыкты. 116 киши илдеттен көз жумду.

XS
SM
MD
LG