Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

БШК саясий партиялар үчүн семинарларды баштады


Шайлоо бекеттеринин бири. 4-октябрь, 2015-жыл.
Шайлоо бекеттеринин бири. 4-октябрь, 2015-жыл.

БШК быйыл парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип кайрылган саясий партиялар үчүн биринчи семинар өткөрдү.

Анда талапкерлердин тизмесин каттоого берүүнүн эрежелери, шайлоо фонддорунун ишин алып баруу, шайлоо өнөктүгүн каржылоо тууралуу маалыматтарды берүүнүн тартиби жөнүндө маселелер каралды. Мурунку шайлоо өнөктүктөрүнөн айырмаланып, шайлоо процессинин ачык-айкын болушун камсыздоо максатында бир катар жоболорго өзгөрүүлөр киргизилгени партиялардын өкүлдөрүнө маалымдалды. Анын ичинде талапкерлердин шайлоо фонддорунун каржыланышы, саясий партиялардын, шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуунун тартиби өзгөрүлүп, шайлоо фондуна каражатты белек катары берүүгө тыюу салынган, финансылык маалыматтарды БШКнын сайтына жарыялоо милдеттендирилген.

Мындан тышкары семинарда быйылкы шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүктөрү, үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби, ага байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле шайлоонун бардык баскычтарында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекем сактоо алгоритмдери талкууланды.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин билдирип, 44 саясий партия БШКга кайрылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG