Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Кадр саясаты: Түлөбаев Ысык-Көлгө, Осмоналиев өкмөткө барды


Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун буйругуна ылайык Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 27-июлда билдирди. Ушул эл күнү Түлөбаевди облустун активи менен вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тааныштырды.

Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп иштеп келген Акылбек Осмоналиев ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп Болот Жунусов иштеп келген. Ал тууралуу өкмөт маалымат тарата элек.

Балбак Түлөбаев 2018-жылдын август айынан бери Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп келе жаткан. Ага чейин «Аю Холдинг» ишканасынын вице-президенти болуп иштеген.

Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп 2018-жылдын август айында дайындалган. (KS/NT)

XS
SM
MD
LG