Бир сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында COVID-19 илдетинен 24 бейтап каза болду. Бул тууралуу 27-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Кайтыш болгондордун эң көбү Бишкекте жана Жалал-Абад облусунда - алтыдан адам. Ысык-Көл облусунда төрт, Талас облусунда үч, Ош шаарында, Чүй, Ош, Нарын жана Баткен облустарында бирден адам.
Бир суткада бул илдетти жугузуп алган 483 адам жаңы катталды.
Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 817 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.
Ушу тапта ооруканаларда 10 801 бейтап жатат. Алардын 4 722синде коронавирус лабораториялык жол менен тастыкталган, ал эми 6 079уна диагноз клиникалык белгилерине же рентген жыйынтыгына жараша коюлган.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 33 296 адамга жукту, алардын 21 205и айыгып чыкты, 1 301и каза болду.
17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.
Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда. (RK)