Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

АКШ Кытайдын Ченду шаарындагы консулдугун жапты


Кытайдын Ченду шаарындагы АКШнын башкы консулдугун алдындагы коопсуздук кызматкерлери. 25-июль, Ченду.
Кытайдын Ченду шаарындагы АКШнын башкы консулдугун алдындагы коопсуздук кызматкерлери. 25-июль, Ченду.

Кошмо Штаттар Кытайдын Ченду шаарындагы башкы консулдугун жапты. Өткөн жумада Бээжин АКШга жооп чара катары аталган дипломатиялык өкүлчүлүктү жабууну буйруган. Кытай мамлекеттик телеканалы консулдуктагы америкалык туу дүйшөмбү күнү эртең менен түшүрүлгөнүн көрсөттү.

АКШ Мамлекеттик департаменти Кытайдын түштүк-батышында жайгашкан консулдук «35 жылдан бери ал жактын тургандары, анын ичинде Тибеттин жашоочулары менен алака-катыш түзүүнүн борбору болуп келгенин» билдирип, ишмердүүлүгүн убактылуу токтотконун жарыялады.

21-июлда Мамлекеттик департамент Кытайдын Хьюстон шаарындагы консулдугун тыңчылыкка жана интеллектуалдык мүлктү уурдоого байланыштуу айыптап 72 сааттын ичинде жабууга буйрук берген. Кытай дипломаттары имараттан 24-июлда чыгып кетишкен.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын бул кадамын айыптап, ал эл аралык нормаларга каршы келерин жана буга карата жооп чара көрөрүн билдирген.

Дүйнөнүн эки алдыңкы экономикасы бири-биринин консулдуктарын жаап салгандан бери ансыз да чыңалып турган алакалары ого бетер курчуп кетти.

XS
SM
MD
LG