Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

Кытайдын Үрүмчү шаарында коронавирус жугузгандар көбөйдү


Калктан тест алып жаткан медкызматкерлер. Бээжин. 1-июнь, 2020-жыл.
Калктан тест алып жаткан медкызматкерлер. Бээжин. 1-июнь, 2020-жыл.

Кытайда соңку бир күндө 61 адам коронавируска чалдыкканы маалым болду. Бул өлкөдөгү апрелден берки эң чоң көрсөткүч. Алардын көбү Шинжаң аймагынын борбору Үрүмчүдө катталган.

Бийлик ал жакта жана кошуна Ляонин провинциясында тургундардан жапырт анализ алууда. Үрүмчүнүн айрым бөлүктөрүнө катаал карантин киргизилди.

Коронавирус дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде кайрадан күч алды. Испанияда, Францияда жана Германияда соңку бир нече күндөн бери коронавирус жугузуп алгандар көбөйдү. Испанияда күнүнө 1,5 миңдей адам катталып жатат.

Кошмо Штаттарда инфекциянын күчү кайта элек. Ал жакта бул вирусту жугузуп алгандардын саны 4,2 миллионго жетип, андан каза болгондордун саны 147 миң адамдан ашты.

Латын Америкасындагы Бразилия, Мексика, Перу, Колумбия жана Аргентина мамлекеттеринде бул оорудан каза тапкандар күн сайын көбөйүүдө. Дүйнөдө COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны 16 миллиондон ашты.

XS
SM
MD
LG