Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

28-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек.
Бишкек.

28-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Баткен жана Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 27…32;

Ош жана Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 33…35 градус болот.

XS
SM
MD
LG