Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Германия Орусиянын «Чоң жетиге» кайтышына каршы


Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас. 4-апрель, 2019-жыл. Берлин.
Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас. 4-апрель, 2019-жыл. Берлин.

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас Орусиянын «Чоң жетиге» кайтып келүү ыктымалдыгын четке какты.

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөнүн алдыңкы экономикаларынын башын бириктирген бул топко Москванын кайтып келиши тууралуу маселе көтөргөн.

Маас эки немис басылмасында 27-июлда жарыяланган маегинде: «Орусия бул топтон Крымды аннексиялап алганы жана Украинанын чыгышындагы куралдуу чатакка кийлигишкени үчүн чыгып калган. Ал жакта маселе чечилген жок. Ошол себептен анын кайра кайтып келишине мен эч кандай мүмкүнчүлүк көрбөй турам», - деп айтты.

Трамп май айында коронавирус пандемиясына байланыштуу саммитти сентябрь айына жылдыруу планын жарыялап жатып, Орусиянын кайра «Чоң жетиге» кайтып келишин сунуш кылган. Ошондой эле ал бул топко Австралия, Түштүк Корея жана Индия да киришин каалаган.

Учурда «Чоң жетиге» АКШ, Канада, Германия, Жапония, Франция, Британия жана Италия кирет. Орусия бул топтон 2014-жылы чыгарылган.

XS
SM
MD
LG