Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Президент өлкөдөгү абалды талкуулады, дарылоонун жаңы протоколу даярдалып жатканы айтылды


Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанда коронавирусту дарылоонун жаңы протоколу иштелип чыгууда. Бул тууралуу 27-июлда президент Сооронбай Жээнбеков менен онлайн кеңешмеде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, адистер жаңы протоколду эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен даярдап жатышат.

Кеңешмеде, президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, өлкөдөгү жалпы эпидемиологиялык абал талкууланды. Ар бир облуска компьютердик томография орнотуу маселеси каралып жатканы айтылды.

Президент коронавирустун жайылышындагы эң жогорку чек качан экенин аныктоо, кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүн божомолдоо, кандай чара көрүү зарыл экенин терең талдоо зарыл болорун белгиледи. Ал дарыгерлерди коргоочу каражаттар, жабдуу жана тамак-аш менен камсыз кылуудагы кемчиликтерди тез арада жоюуну талап кылды.

Жээнбеков ооруну жумуштан жугузуп алгандарга кенемте төлөө, гумжардамды аймактар боюнча тегиз бөлүштүрүү, маалыматты санариптик форматка өткөрүү, аймактарды зарыл дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыз кылуу керек экенин айтты.

Мындан тышкары кышка даярдык, ирригация, таза суу, патрулдук милицияны реформалоо, жаңы окуу жылына даярдык маселелери да талкууланды.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция Кыргызстанда 33 296 адамга жукту, алардын 21 205и айыгып чыкты, 1 301и каза болду.

Өлкөдө бул ооруну дарылоо боюнча расмий протокол март айынан бери үч ирет өзгөрдү.

Илдетти жугузуп алган медицина кызматкерлери үч миңге чамалады. Аларга мамлекет убада кылган кенемте төлөнүп бериле элек. (RK)

XS
SM
MD
LG