Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 01:56

Багдаддагы каршылык акциясында эки адам каза болду


Иракта өкмөткө каршы наарызылык акциясына чыкандар. 20-январь, 2020-жыл. Багдад.

Укук коргоочулар жана расмий бийлик Багдаддагы демонстрацияга чыккандар менен полиция кызматкерлеринин ортосундагы кагылышууда эки кадам каза болуп, 20дан ашууну жабыркаганын билдиришти.

26-июлда демонстранттар 50 градус ысыкка карабастан Багдадда жана түштүктөгү бир нече шаарда өкмөткө каршы митингге чыгышкан. Аларды таркатыш үчүн коопсуздук күчтөрү жаш чыгарчу газ чачышкан.

Адам укуктары боюнча жарым-жартылай эркин комиссиянын башчысы Али аль-Баяти эки демонстрант өлтүрүлгөнүн ырастады. Комиссия өз булактарына таянып, каршылык акциясынын катышуучуларын таркатууда күч түзүмдөрү согуштук куралдарды колдонгонун билдирди.

Иракта өкмөткө каршы нааразылык акциялары былтыр күздөн бери уланып келет. Бийликтеги жемкорлукка, жумушсуздукка жана каатчылыкка каршы демонстрациялардан улам мурунку премьер-министр кызматтан кеткен.

Каршылык акциясына чыккандар жаңы өкмөттүн ишине да нааразы.

XS
SM
MD
LG