Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:31

Москвада борбор азиялык «террорист» жок кылынганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москвада «терракт уюштурууну пландап жаткан» борбор азиялык жаранды жок кылганын маалымдады.

Мекеме билдиргендей, калаанын Химки районунда кылмышка шектүү адамды кармоо убагында ал тартип коргоочуларды көздөй ок аткан. Күч түзүмдөрү ага жооп кайтарып ок атышкан.

Коопсуздук кызматы тараткан видеодо өзүн өлтүрүлгөн адамдын агасы катары тааныштырган жаран бир тууганы Сириядагы террордук топтордун бири менен байланышта болгонун укук коргоо органдарына билдиргенин айтууда.

Ошондой эле атышуу болгон жерден милиция автомат жана граната тапканы кабарланды. Ал эми шектүүнүн эл аралык террордук топтор менен байланышы далилденген эмес.

17-июлда Федералдык коопсуздук кызматы эки жумадан бери губернатордун камалышына каршы акциялар уланып жаткан Хабаровскиде пландалып жаткан «террордук акттын» алдын алганын кабарлаган.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG