Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:57

Кыргызстанда 30-июль Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

30-июлду Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 27-июлда кол койду.

Президенттин жарлыгында: «Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду. Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар жүзөгө ашырылсын, анын ичинде өлкөнүн бардык аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн», деп жазылган.

Мындан тышкары маданият мекемелери жана телерадиокомпаниялары аза күтүү күнү оюн-зоок иретиндеги иш-чараларды жана берүүлөрдү уюштурбайт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 инфекциясынын дүйнө жүзүнө жайылышын пандемия деп жарыялаган 11-марттан бери Кыргызстанда 1301 адам бул илдеттен каза болгону расмий маалымалды.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө инфекция жугузуп алгандардын жалпы саны 33 296 адамга жетти. Алардын ичинде 2 683 медициналык кызматкер бар. Оорудан 21 205 адам айыгып чыкты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG