Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

БШК айрым саясий партияларга жарнама үчүн эскертүү берди


Кыргызстандагы президенттик шайлоо учурундагы добуш берүү участогу. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы президенттик шайлоо учурундагы добуш берүү участогу. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өзүн алдын-ала жарнамалаганы үчүн «Реформа» саясий партиясына 26-июлда эскертүү берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирди. Маалыматка караганда аталган партия соцтармактарда өздөрүнүн урааны жана программасынын тезистери камтылган кыска видео тасмаларды жайгаштырганы аныкталган.

«Эскертүү берилгенден кийин «Реформа» партиясынын өкүлдөрү бардык соцтармактардан тасмаларды өчүрүүгө убада беришти. Үгүт өнөктүгү башталмайынча партияларга Интернетте да, маалымат каражаттарында да үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат», - деди Руслан Изреков.

Аталган партия бул чечимге комментарий бере элек.

Буга чейин соцтармактардагы мыйзамсыз үгүт иши үчүн «Бирик» партиясына эскертүү берилген. Партиянын коомдук-саясий бөлүмү Интернетке үгүт материалдарын жарыялабаганын билдирген.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, үгүт иштери добуш берүүгө бир ай калганда башталып, бир күн калганда токтотулат.

4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниети менен 40тан ашык саясий партия боршайкомго кайрылган. 20-августка чейин партиялар курултайларын өткөрүп, талапкерлерин аныктоого тийиш. Тизме квота талаптарына ылайык түзүлүшү зарыл. (ZKo)

XS
SM
MD
LG