Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Бишкекте бала бакчалардын иши кырдаал турукташканча жанданбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы бала бакчалардын иши кырдаал турукташканча жанданбайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Баш калаадагы муниципалдык бала бакчалардын ишин токтотууну 6-июлда эпидемияга каршы шаардык комиссия чечкен. Буга шаардагы айрым бала бакчалардын кызматкерлери коронавирус жугузуп ооруганы себеп болгон. Мэриянын маалыматына ылайык, комиссиянын чечими муниципалдык бала бакчаларга гана тиешелүү.

Бишкектеги №148 бала бакчанын жетекчиси Жамиля Токтосунова коронавирус жугузуп каза болгон.

Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар. Мэрия жүргүзгөн мониторингге ылайык, жай мезгилинде бала бакчага алты миңге жакын бала барат жана 1600 кызматкер иштейт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда бала бакчалар менчиктин түрүнө карабастан 23-марттан тартып жабылган. 5-июндан тартып айрым бала бакчалар ишке кирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG