Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Санкт-Петербургда журналист Давид Френкел соттолду


Журналист Давид Френкел менен полиция кызматкери шайлоо участогунда.
Журналист Давид Френкел менен полиция кызматкери шайлоо участогунда.

Санкт-Петербургдун соту «Медиазонанын» кабарчысы Давид Френкелди шайлоо участогунда полиция кызматкерине баш ийбегени үчүн 500 сом айыпка жыкты. Бул жөнүндө Френкел өзү маалымдады.

Ошондой эле Френкелге шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылганы үчүн дагы эки миң сом айып салынды жана Петербургда ошол кезде киргизилген чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн эскертүү берилди.

Полициянын билдирүүсүнө караганда кабарчы Конституцияны реформалоо боюнча референдумда шайлоо участогунда чатак чыгарып, комиссиянын ишине тоскоолдук кылган. Протоколдо «Френкел кармоо учурунда тепкилеп, дубалга жармашып каршылык көрсөтүп, кызматкерлерди түрткөн» деп жазылганы менен, кармоо учурундагы видеотасмада журналисттин мындай кыймылдары байкалбайт.

Шайлоо участогунда байкоочу болгон Петербург Дворцовый муниципалдык округунун мурдагы башчысы Дмитрий Абрамов сотто көрсөтмө берип, журналист колун полиция кызматкеринин айынан эмес, өзү жыгылып сындырганын айтты. Полиция кызматкери Денис Дмитриев журналистти шайлоочуларга тоскоолдук кылганы үчүн комиссия башчысынын талабы менен кармоону чечкенин билдирди. Френкел муну жокко чыгарды.

Мурдараак журналист полиция кызматкерлеринин ыйгарым укугунан аша чапканы жөнүндө арыз жазган. Мунун натыйжасы азырынча белгисиз.

Френкелдин шайлоо участогунда сынган колуна операция жасалган.

Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү 25-июндан 1-июлга чейин өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш бергендердин 77,92% Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогонун билдирди. Добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын дээрлик 65% түздү.

XS
SM
MD
LG