Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Президент Трамптын кеңешчисине коронавирус жукту


Роберт О’Брайен.
Роберт О’Брайен.

АКШнын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайенге коронавирус жукту. «Bloomberg» агенттигинин маалыматын Ак үй дүйшөмбүдө тастыктады. Маалыматка караганда, О’Брайендин оорусу жеңил өтүүдө, ал үйдөн иштеп жатат.

«Associated Press» агенттиги белгилегендей, Трамптын кеңешчиси Ак үйдөгү коронавирус жуккандардын эң жогорку кызматтагы өкүлү. Буга чейин аппараттын айрым кызматкерлери коронавируска чалдыккан. Ак үй президент менен вице-президенттин вирусту жугузуп алуу коркунучу болбогонун билдирди.

Коронавирус эпидемиясы убагында дүйнөдө айрым бийлик ээлери жана башкаруучу өкүлдөр вирус жугузушкан. Анын ичинде Бразилиянын президенти, орус өкмөт башчысы жана башка бир катар жетекчилер бар. Алардын баары айыкты.

Илдеттин оор формасы менен британ премьери Борис Жонсон да ооруп сакайды.

АКШда күн сайын болжолдуу 50 миңдей адам коронавируска чалдыгат. Акыркы убакта оорудан көз жумгандар кайрадан көбөйүп, бир күндө миңден ашуун адам каза болгон учурлар катталууда.

Пандемия башталгандан бери АКШда 4,3 млн. адам вирус жугузуп, дээрлик 150 миң киши андан көз жумду. Оору жуккан жана андан каза болгон адамдардын саны жагынан Кошмо Штаттар дүйнөдө биринчи орунда.

XS
SM
MD
LG