Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Өзбекстанда Сардаба кырсыгына байланыштуу тогуз киши камакка алынды


Суу сактагычтын жырылган жээгин бекемдөө иштери жүрүп жаткан кез.
Суу сактагычтын жырылган жээгин бекемдөө иштери жүрүп жаткан кез.

Сардаба суу сактагычынын жарылышы үчүн айыпталып, тогуз киши камакка алынганын Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди. Камалгандардын арасында дамба курулушунун буюртмачысы, долбоордун автору, дамбаны курган ишканалардын жетекчилери жана Суу чарба министрлигинин өкүлдөрү бар.

Кырсыкты иликтеген эксперттердин корутундусуна караганда дамбанын жарылышынын себеби долбоордун документациясында, курулушунда жана эксплуатациясында кетирилген кемчиликтер менен катачылыктарга байланыштуу.

Сардаба суу сактагычынын курулушу 2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган. Аны куруу боюнча демилге Өзбекстандын азыркы президенти, ал кездеги өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевге таандык. Дамбанын курулушуна мамлекеттин бюджетинен 404,4 млн. доллар сарпталган.

Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы быйыл 1-майда жарылып, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миң адам эвакуацияланган.

Эксперттер дамбанын жарылышына тармактагы коррупция - аны курууда бетон жана башка курулуш материалдары уурдалганы себеп болгон деп эсептешет.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул окуя боюнча эки кишиге кылмыш иши козголуп, камакка алынганын маалымдаган.

Сардаба суу сактагычына 922 миллион куб метр суу батат. Суу сактагычтын бийиктиги 28,8 метр.

XS
SM
MD
LG