Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

ЖМК: АКШ Халифа Хафтарды санкция менен опузалады


Ливияда өкмөттүк күчтөр менен орус жалданма аскерлери колдоору айтылган генерал Халифа Хафтардын жоокерлери кармашып келет. Сүрөттө БУУ тааныган өкмөттүн күчтөрү тартылган. Апрель, 2020-жыл.
Ливияда өкмөттүк күчтөр менен орус жалданма аскерлери колдоору айтылган генерал Халифа Хафтардын жоокерлери кармашып келет. Сүрөттө БУУ тааныган өкмөттүн күчтөрү тартылган. Апрель, 2020-жыл.

АКШ Ливиянын улуттук армиясынын башкы командачысы Халифа Хафтар мунай экспортуна тоскоолдук кыла берсе, аны «кара тизмеге» киргизмекчи. Бул жөнүндө «The Wall Street Journal» жеке булактарына шилтеме жасап жазды. Ага ылайык, Хафтар Ливиянын деңиз портторун жабууну Орусиянын басымы астында чечкен. Басылманын маектештери Американын атайын кызматтары жана Пентагон Хафтардын Вагнер жеке аскердик компаниясындагы орусиялык жалданма аскерлер менен байланышы жөнүндө маалыматка ээ экенин айтышкан. Алар Ливиядагы Шарара мунай кенин башкарышат.

Орусиядагы маалымат каражаттары ЖАК Вагнерди «Путиндин башчысы» деген ат менен белгилүү болгон ишкер Евгений Пригожинге байланыштырып жүрүшөт.

«The Wall Street Journal» билдиргендей, санкцияга Хафтардын Виржиния штатында жайгашкан жери жана кыймылсыз мүлкү алынат. АКШ, Түркия жана БУУ «Вагнердин» Ливиядагы орусиялык аскерлери жөнүндө бир нече жолу билдиришкен. Орусия мындай дооматтарды четке каккан.

Ливиянын улуттук мунай корпорациясы Шарара кениндеги ишти былтыр токтоткон. Быйыл июндун башында мунай казып алуу кайра жаңыланганы белгилүү болду. Бирок компания бир нече күндөн кийин мунай кенинин аймагын чет элдик жалданма аскерлер басып алышканын билдирип, иш кайра токтотулган. Ошол учурда Ливиянын порттору Хафтардын армиясы тарабынан чектөөгө алынганы жөнүндө маалымат чыкты.

Ливияда 2014-жылдан бери жарандык согуш жүрүп жатат. Бир тарапта эл аралык коомчулук тааныган Фаиз Сараждын Улуттук ынтымак өкмөтү. Экинчи тарапта генерал Халифа Хафтар колдогон убактылуу өкмөт турат. Хафтарды Орусия, Бириккен Араб Эмираттары жана Египет колдойт. Буга чейин Ливияда орусиялык жалданма аскерлер бар экенин Сараждын өкмөтү да, түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган да билдирген. Орусия «Ливиядагы жарандык согушка кийлигишти» деген айыптоону четке кагып жүрөт.

XS
SM
MD
LG