USAID агенттигинин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору коронавируска каршы күрөшүп жаткан кыргызстандык дарыгерлерге жардамын улантууда. Долбоордун басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлагандай, бул жолу долбоордун кызматкерлеринин жеке каражатынан Улуттук фтизиатрия борборуна атайын коргонуучу кийимдин ичинен кийилүүчү костюмдардан 55 комплект тартууланды.
Буга чейин коронавирустан дарылануучу бейтаптар жаткан бөлүмдө иштеген медициналык кызматкерлерди кооптуу шартта инфекциялык көзөмөл ыкмаларына үйрөтүү жүргүзүлгөн.
Башкы дарыгер Бердибек Сейилканов бул тууралуу: «Биз «Кургак учукту айыктыруу» долбоору менен тыгыз кызматташуудабыз. Алар бизге пандемиянын алгачкы күндөрүнөн тартып дагы кошумча техникалык жардамын берип, колдоо көрсөтүүдө», - деп билдирди.
USAID уюштурган атайын окуудан өткөн кезектеги дарыгерлер тобу өтө оор абалда жаткандарды дарылоого киришти. 11 дарыгер жана медайым эки жума бою жабык бөлүмдө иштешет. Алардын арасында жаңы эле үйлөнгөн жубайлар – фтизиатр дарыгер Болот Кырбашов жана медайым Алия Сулайманова бар.
Кырбашов «Бул бөлүмдө бизге чейин иштеген кесиптештерим жумуш оор болорун, абалы оорлор көп экенин, айрыкча жылчыгы жок коргонуучу кийимчен жүрүү кыйын экенин, 14 күн бою жабык бөлүмдө иштөөнүн психологиялык оорчулугу бардыгын айтып жатышат. Бирок, баары жакшы болоруна ишенем. Биз мекенибизге жардам беришибиз керек. Алия менен баш кошконубузга аз эле болду. Бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, чогуу иштейли деп чечтик», - деди.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айында башталган. Инфекциялык ооруканада орун жок калгандыктан өкмөт көптөгөн башка медициналык жайларда коронавирусту дарылоого кошумча орундарды ачкан.
Буга чейин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору коронавируска анализ алуу, аны топтоо жана санарипке өткөрүү жагынан жардам көрсөткөн. (RK)