Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

COVID-19: Бир суткада 28 бейтап кайтыш болду, вирус 548 кишиден аныкталды (видео)


Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.
Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.

Бир сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында COVID-19 илдетинен 28 бейтап каза болду. Бул тууралуу 28-июлдагы брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына караганда, COVID-19 илдетинен каза болгондордун ону Бишкекте, тогузу Жалал-Абад облусунда, экөө Нарында, экөө Ысык-Көлдө, экөө Чүй облусунда, бирөө Ош облусунда, дагы бири Ош шаарында, бирөө Талас аймагында. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан каза болгондордун саны 1329га жетти.

Бир сутка ичинде коронавирус 548 кишиден жаңы аныкталды. Муну менен өлкө боюнча илдет жугузуп алгандардын жалпы саны 33844 кишини түздү. 1091 бейтап айыкты.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштаган.

XS
SM
MD
LG