Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Абитуриент-2020: Биринчи турда 11 миңдей улан-кыз кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи турунда 10 927 улан-кыз окууга өттү. Бул тууралуу 28-июлда «Азаттыкка» Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов билдирди.

Ошону менен катар, Орозматовдун айтымында, жогорку окуу жайы кабыл алууга макул болгон 800дөн ашуун абитуриент өтүнмөсүн кайра артка алды, алар кийинки турга катыша алат.

«Быйыл абитуриенттерге окуу жайын тандоодо талдоо жүргүзгөнгө абдан оңой болуп жатат, - деди ал. - Сайтка кирип, баарын онлайн көрүп, «менин баллым менен кайсы жерге бюджетке, кайсы жерге контрактка өтсөм болот» деп талдай алат. Кааласа турдун жыйынтыгы жарыялангандан кийин үч күн ичинде «ооба, ушул жерде окуйм» деп тастыктап же кааласа өтүнмөсүн кайра артка алса болот».

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу 64 жогорку окуу жайына абитуриенттерди кабыл алуу «Абитуриент Online» платформасы аркылуу онлайн жүрүп жатат. Бул жараян үч тур менен уюштурулууда. Биринчи тур 20-22-июлда өткөн. Кабыл алынгандардын тизмеси жарыялангандан кийин тастыктоого үч күндүк мөөнөт берилген.

Биринчи турда кабыл алынган 10 927 абитуриенттин 2 301и бюджеттик, ал эми 8 626сы келишимдик негизде окумай болду.

Экинчи тур 27-29-июлда өтүп жатат, жыйынтыктоочу үчүнчү туру 3-5-августта өтөт.

Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кабыл алуу толук бойдон онлайн форматта өтүүдө. www.2020.edu.gov.kg сайтына Кыргызстандагы бардык окуу жайлары, факультеттер, адистиктер киргизилген.

Коллеждерге кабыл алуу да эки тур менен http://www.spuz.edu.gov.kg/ сайты аркылуу онлайн жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата документин 18 986 абитуриент тапшырды. Биринчи тур 13-30-июлда, экинчиси 1-20-августта өтөт. Мында да тизмелер илингенден кийин тастыктоого үч күн убакыт берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG