Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Бишкекте вице-мэр алмашты


Виктория Мозгачева.
Виктория Мозгачева.

Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз борбору кабарлады.

Борбор калаанын социалдык маселелерине жооптуу бул кызматка Кузнецова 2019-жылдын февраль айында дайындалган. Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери Бишкектеги абал тууралуу брифингдерде жана шаардык кеңештин депутаттары алдында маалымат берип турган.

Татьяна Кузнецованын ордуна Виктория Мозгачева дайындалды. Буга чейин ал «Бишкектеплоэнерго» ишканасынын директору болчу, кесиби боюнча инженер-программист. (RK)

XS
SM
MD
LG