Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Депутат Момбеков парламенттик шайлоого ондон ашуун партия катышарын болжоду


Жогорку Кенештин депутаты Рыскелди Момбеков.
Жогорку Кенештин депутаты Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков АйТВ каналындагы маегинде күздөгү парламенттик шайлоого ондон ашык партия катышарын, алардын алтоо-жетөө гана 7% босогону басып өтөрүн болжоду. Депутаттын пикиринде, көпчүлүк партиялардын күрөөгө кое турган беш миллион сому да, электораты да жок, болгону саясий соодалашуу максатын көздөп, БШКга кайрылып жатышат.

«Азыр мурдагыдай лидер, фаворит жок, - деди ал. - Бардыгы бирдей. Эгер бүгүн бийлик күчтүү болсо, бийликтин партиясы күчтүү болмок. Бийликтин күчү жок болгону үчүн анын партияларынын да күчү жок».

Оппозициядагы депутат бийликтин кайсы партиялары шайлоого баратканын тактаган жок.

БШКнын маалыматына караганда алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниетин 44 саясий партия билдирген. Алардын катарында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында мандатка ээ болгон алты саясий партиянын үчөө - «Кыргызстан», «Бир Бол», «Ата Мекен» бар. Ал эми эң көп добуш алып, бийлик партиясы атыккан КСДП арсар абалда. «Республика - Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиялары шайлоого катышуу ниетин билдирген жок.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG