Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-сентябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:19

Кыргызстан 11 өлкөдөн гуманитардык жардам алды


Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлдагы брифингде пандемияга байланыштуу Кыргызстан сырттан алган гуманитардык жардам тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, пандемияда 11 мамлекеттен тышкары эл аралык уюмдардан, чет жактагы кыргызстандыктардан да гуманитардык жардам келди. Боронов жалпы канча жардам берилгенин жана анын суммасын так айткан жок.

Ал гуманитардык жардам тиешелүү жактарга бөлүнгөндөн кийин ачык маалымат берилерин билдирди. Жалпысынан эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, бирок аймактарда абал оор болгондуктан, кубанууга эрте экенин кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталган март айынан бери бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 33 844 адамга жетти. Вирустан 1 329 киши кайтыш болду.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG