Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Казакстанда 3-августтан тартып карантин чаралары жумшартылышы мүмкүн


Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой.
Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой.

Казакстанда 3-августтан баштап карантин чаралары жумшартылышы мүмкүн экенин бул өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди.

28-июлда өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып министр ооруканалардын толуу көрсөткүчү 70% түзүп, санитардык эрежелер сакталып, жарандар беткап кийген шартта гана чектөөлөр жумшарышы ыктымал экенин белгиледи.

Андай болсо кийинки жумадан тартып соода борборлору, кийим-кече базарлары, сулуулук салондору жана бир катар ишканалар ачылат.

Кинотеатр, тойкана, ресторан, түнкү клуб сыяктуу көңүл ачуучу жайлардын иштешине уруксат берилбейт. Ошондой эле жыйын, форум, көргөзмө өткөрүүгө тыюу салынат.

Шаар аралык каттамдар да азырынча жанданбайт.

Расмий статистика боюнча Казакстанда коронавируска чалдыккандар 87 миң адамга чукул. 650дөн көп киши бул оорудан көз жумган. Жыл башынан бери 234 миң адам пневмония менен ооруган.

Казакстанда коронавирус менен пневмониядан жабыркагандарды өз алдынча санап келатышат.

XS
SM
MD
LG