Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

COVID-19: ДССУ бир нече эмес, «бир чоң толкун» болорун билдирди


Казакстанда коронавирус менен ооругандарга ийне сайганга камынып жаткан медкызматкер.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Маргарет Харрис 28-июлда болгон брифинг маалында коронавирустун толкундары тууралуу айтып жатып: «Бир чоң толкун болот. Ал кээде көтөрүлүп, кээде төмөндөп турат. Баарынан да аны жайлатып салган туура», - деди.

Уюм ошондой эле «жай мезгилинде коронавирустун жайылышы басаңдайт» деген кептер боюнча өз тынчсыздануусун билдирди.

«Бул жаңы вирус жана ал өзүн башкача алып жүрөт, биз дагы көп нерсени иликтешибиз керек», - деди Харрис.

Кийинки күндөрү коронавирус буга чейин кырдаал оңолуп калган көп мамлекеттерде кайрадан күч алды. Испанияда июнда бир күндө илдетке чалдыккандардын саны 200 адамдын тегерегинде болсо, учурда 1500дөй киши катталып жатат.

COVID-19 илдети Азиянын бир нече мамлекеттеринде да кеңири жайылып баратканы байкалууда.

Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнөдө COVID-19 илдетинен 652 миңдей адам көз жуумп, 16, 3 миллиондой киши бул ооруга чалдыкты.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG