Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:36

Мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» тапшырылды


Мыкты бүтүрүүчүлөргө сертификат тапшыруу аземи «Ала-Арча» резиденциясында өттү.
Мыкты бүтүрүүчүлөргө сертификат тапшыруу аземи «Ала-Арча» резиденциясында өттү.

Бүгүн, 28-июлда Бишкекте окуу жылын мыкты баа менен аяктаган алдыңкы бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» тапшырылды. Президент Сооронбай Жээнбеков алардын ар бирине сертификат менен кошо эстеликке белек тапшырды.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы «Өлкөнү илим-билим аркылуу алга сүрөгөн азаматтар аз эмес экенине ишенебиз» деди.

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку балл алган 53 улан-кыз «Алтын сертификатка» татыганын кабарлаган.

Быйыл өлкө боюнча 53 бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» татыктуу болду.
Быйыл өлкө боюнча 53 бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» татыктуу болду.

Мындан тышкары президент ар бир облустан экиден, жалпысынан 14 мыкты бүтүрүүчүгө сыйлык тапшыра алат.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана башка бардык окуу жайлары март айында карантинге жабылып, окуу жылы онлайн жыйынтыкталган.

Мектептерде жаңы окуу жайынын биринчи чейреги да аралыктан өткөрүлгөнү жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG