Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:54

Өкмөт башчы аймактардагы эпидемиологиялык абалды катуу көзөмөлдөөнү тапшырды


Премьер-министр Кубатбек Боронов штабдын жыйынында. Июль, 2020-жыл.

Аймактардагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөн чыгарбай, катуу тескөө зарыл экенин премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлда республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жеке жоопкерчиликтүү. «Күндүзгү стационарларга кайрылгандар азайып баратат» деп бошоңдоп калбай, жарандардын өмүрүн сактап калыш үчүн буга чейинки белгиленген иштерди жүргүзүүнү улантыш керек. Өзгөчө илдеттин адам өмүрүнө тийгизген таасирин азайтуу боюнча иштерди күчөткүлө», - деди Боронов.

Жыйында коронавирусту дарылоонун жаңы протоколу тууралуу маалымат берилди. Өкмөт башчы бул вируска каршы ийгиликтүү күрөшө алган өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алууга чакырды. Мындан тышкары өлкөнүн ар бир облусуна компьютердик томография, рентген аппаратын сатып алууну көзөмөлгө алууну тапшырды. Премьер-министр Саламатттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине эпидемиологиялык кырдаалдын кийинки баскычы менен илдеттин болжолдонуп жаткан экинчи толкунун терең талдоону милдеттендирди.

Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам 18-мартта аныкталган.

28-июлга карата өлкөдө илдет жугузуп алгандардын жалпы саны 33844 кишини түздү. 1091 бейтап айыкты. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан каза болгондордун саны 1329 адамга жетти.

Июнь-июль айларында коронавирус жана пневмония жуккан адамдар кескин көбөйүп, ооруканаларда орун, медициналык жабдуулар, дарыканаларда дары жана медицина кызматкерлеринин жетишсиз экендиги ачыкка чыккан. Ыктыярчылардын демилгеси жана көмөгү менен Бишкек, Ош шаарларында, аймактарда күндүзгү стационарлар иштей баштаган. Саламаттык сактоо министрлиги акыркы жумаларда коронавирус азая баштаганын маалымдоодо. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG