Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:08

Ноокенде 10 жаштагы кызды зордуктоого айыптуу өмүр бою түрмөгө кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокен райондук соту 10 жаштагы кызды зордуктаган 20 жаштагы кишини өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратты. Соттун өкүмү 16-июлда чыкканын облустук сот «Азаттыкка» маалымдады.

Милициянын маалыматына ылайык, ушул жылдын 28-январында жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын бейтааныш киши зордуктап койгонун айтып, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Кайрылган адам окуя кызы кечки саат беш чамасында мектептен үйгө келатканда болгонун жана шектүү 20-25 жаштарда экенин билдирген. Бул факты Жазык кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүүгө алынган. Кылмышка шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзгөндө жаш кыздардын ич кийимдери да табылган.

Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын жактоочулары облустук сотко даттана турганын айтышты. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG