28-июль күнү саат 15:30 чамасында Ош – Сары-Таш – Эркечтам автожолунун үч бөлүгүндө сел жүрдү. Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына караганда, жалпы көлөмү 1500 куб. метр болгон селдин бийиктиги айрым жерлерде эки метрге чейин жеткен.
Селдин кесепетинен улам Сопу-Коргон - Терек жолу да жабылган.
Транспорт жана жол министрлигинин жумушчулары тазалоо иштерин жүргүзгөн соң, 29-июлга караган түндө жол ачылды. Азырынча селден жапа чеккендер тууралуу маалымат жок. (ZKo)