Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилет


Тажикстан. Хатлон аймагындагы үй-бүлө шамдын жарыгында тамактанышууда. 2016-жыл.
Тажикстан. Хатлон аймагындагы үй-бүлө шамдын жарыгында тамактанышууда. 2016-жыл.

Жакын арада Тажикстанда электр энергиясын чектөө киргизилет. Тажик өкмөтү бул кадамга күз-кыш айларында электр энергиясынын таңсыктыгынын алдын алыш үчүн аргасыз барып жатканын билдирди. Электр энергиясын чектөөнүн негизги себеби быйылкы суу тартыштыгы деп айтылууда.

Расмий маалыматтар боюнча 2019-2020-жылдары Вахш жана Пянж дарыяларынын башына кар мурунку жылдарга салыштырмалуу жарым өлчөмдө жааган. «Мындай кырдаал Тажикстанда биринчи жолу болуп жатат», - деп айтылган билдирүүдө.

Тажик өкмөтү жарандарын, мекемелерди, компанияларды жана ишканаларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.

Тажик бийлиги 2017-жылы мындан ары күз-кыш айларында электр энергиясына чектөө киргизилбейт деп жарыялаган. Ага чейин октябрь айынан тартып март-апрелге чейин күнүнө бир нече саат гана электр энергиясы берилчү.

XS
SM
MD
LG