Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Германия Орусиянын «Чоң сегиздин» тизмесине кайра кайтып келишине каршы


G7 саммити. 25-август, 2019-жыл.
G7 саммити. 25-август, 2019-жыл.

Германия Орусиянын «Чоң сегиздин» тизмесине кайра кайтып келишине каршы. Бул жөнүндө Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас билдирди. Анын айтымында, Москва эл аралык клубга кайтып келиши үчүн аннексиялап алган Крымдагы жана Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салышы керек. Маас ушул себептен 2014-жылы Орусия «Чоң сегизден» чыгарылып, G7 форматта жүргүзүлүп жатканын эскертти.

Германиянын ТИМ башчысы Орусия башка мамлекеттерге Украинадагы, Сириядагы жана Ливиядагы жаңжалдарды чечиш үчүн керек экенин белгиледи. Бирок, Маастын ою боюнча, буга «Чоң жыйырма» форматы туура келет.

Мурдараак АКШнын президенти Дональд Трамп G7 саммитине Орусиянын президенти Владимир Путинди чакыруу мыйзам ченемдүү деп атаган. Трамптын ою боюнча, G7нин басымдуу маселелерин Орусия менен талкуулаш керек. Бирок клубдун калган катышуучулары Трамптын оюн колдобойт. Былтыр декабрда Конгресстин Өкүлдөр Палатасы Орусияны клубга кайтарбоо жөнүндө токтомду бекиткен.

Мындан мурун Орусиянын президенти Владимир Путин «Чоң сегизге» кайтып келүүгө каршы эмес экенин айткан.

Эл аралык «Чоң жети» клубунун курамында Улуу Британия, Германия, Канада, Франция, Италия, АКШ жана Жапония бар. Орусия уюмга 1997-жылы кошулган. Крымдын аннексияланышынан жана Украинанын чыгышындагы кагылышуудан соң 2014-жылы расмий Москва клубда ишин токтоткон.

XS
SM
MD
LG