Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

Пандемиянын айынан 500 миңдей өзбекстандык сыртка иштөөгө чыга албай калды


Борбор азиялык мигрант. Москва. Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Борбор азиялык мигрант. Москва. Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Пандемия маалында киргизилген карантин чектөөлөрүнүн айынан Өзбекстанда 500 миңдей эмгек мигранты чет өлкөгө иштегени бара албай калды. Бул жөнүндө Эмгек жана эмгек мамилелери министрлигинин катчысы Рахимжон Махкамов 27-июлда Ташкенде өткөн брифингде маалымдады.

Аткаминердин айтымында, мигранттардын 76,2 миңи Өзбекстандын өзүндө ишке орноштурулду. Жалпысынан 68,7 миң адам коомдук иштерге тартылып, Коомдук иштер фондунан 21,8 млрд. сум ( $2,1 миллиондон көп) алардын айлыгына бөлүнгөн.

2020-жылдын январь-июнь айларында чет мамлекеттерден Өзбекстанга 219 657 адам кайтып келди. Анын ичинде Орусиядан 122 805, Казакстандан 63 636, Түркиядан 7 144, Түштүк Кореядан 3 376 жана 22 697 жаран башка өлкөлөрдөн кайтып келген.

XS
SM
MD
LG