Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Ысык-Көл: өкмөт өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров кызматтан бошотулду


Ысык-Көл облусу.
Ысык-Көл облусу.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев 29-июлда билдирди.

Дамир Моңолдоров бул кызматка 2016-жылы келген. Ага чейин Жети-Өгүз районунун акими болуп иштеген. Ал 29-июлда өкүлчүлүктө иштеген кесиптештери менен коштошуп, убактылуу эс ала турганын билдирген.

Анын эмне себептен иштен алынганы жана ордуна ким дайындалганы тууралуу маалымат бериле элек.

Буга чейин Дамир Моңолдоровдун кызматтык автоунаасына башка автоунаага таандык мамлекеттик номер тагылып жүргөндүгү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлаган.

27-июлда премьер-министр Кубатбек Бороновдун буйругу менен өкмөттүн облустагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалып, анын ордуна Ысык-Көлгө Балбак Түлөбаев барган. (KS/NT)

XS
SM
MD
LG