Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановго каршы козголгон кылмыш иштери боюнча жабыркаган тараптын сурагы улантууда.
Жактоочу тараптын айтымында, 28-июлда мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков көрсөтмө берди. Буга чейинки көрсөтмөлөрүндө ал Асановду 2008-жылдан бери милициядагы кызмат боюнча тааный турганын айткан. Интернетте өзү тууралуу жарыяланган айрым маалыматтарды каралоо деп атаган.
Кийинки отурум 4-августта болот, анда ИИМ өкүлдөрү суралат. Андан кийин күбөлөрдүн сурагы башталат.
Асановго карата үч иш козголгонун Башкы прокуратура кабарлаган.
Биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлууда. Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталууда. Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган.
Бул үч ишти райондук сот бириктирип карап жатат.
Асанов ИИМдеги кызматынан «Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен алынган.
Соттук териштирүү 2020-жылдын 14-февралында башталган. Асанов өзү 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында жана коюлган айыптардын бардыгын негизсиз деп айтып келатат. (RK)