Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев карантинди эки аптага узартууга буйрук берди.
Президент өз чечими тууралуу 29-июлда премьер-министр Аскар Мамин жана саламаттык сактоо министри Алексей Цойду кабыл алып жатып айтты.
Буга чейин Цой чектөөлөрдү 3-августтан тартып жумшартуу каралып жатканын айткан.
Казакстанда экинчи ирет карантин 5-июлда эки аптага киргизилип, андан кийин 5-августка чейин узартылган.
29-июлга карата кошуна мамлекетте коронавирусту жугузуп алгандардын саны 86 миңден ашты. 800дөй бейтап көз жумду.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда жыл башынан бери 234 миң адам пневмония менен ооруган. Бул илдеттен 3300дөн адам кайтыш болгон.
Казак бийлиги коронавирус менен пневмониядан жабыркагандардын эсебин өз алдынча жүргүзүп келет.