Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча сот башка күнгө которулду


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында. Архивдик сүрөт.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 29-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго карата козголгон иш боюнча отурум болгон жок. Соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, буга Текебаев келбегени себеп болду.

Өмүрбек Текебаев «Азаттык» радиосуна сотко барбаган себебин дарылануусу уланып жатканы менен түшүндүрдү:

«Мен эки жумадан ашык убакыт ооруканада жатып, ушул аптанын башында чыктым. Дагы эки жума үй режиминде дарыланам. Андан кийин обсервацияда болушум керек».

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Текебаев пневмония болуп жаңы айыга баштаганын, 14 күн обочолонууда болушу керек деп дарыгер айтканын билдирди.

Анын айтымында, сот кийинки отурумду 3-августка дайындап, ошол күнү Текебаевди дарылаган догдур да келип, маалымат беришин талап кылды.

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш райондук сотто кайра каралууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG