Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

Сауд Арабиясында ажылык зыярат башталды


Кааба ташы жайгашкан Ал-Харам мечити. 28-июль, 2020-жыл. Мекке шаары.
Кааба ташы жайгашкан Ал-Харам мечити. 28-июль, 2020-жыл. Мекке шаары.

29-июлда Мекке шаарында мусулмандардын ажылык зыяраты башталды. Быйыл пандемияга байланыштуу чет элдик зыяратчыларга ага катышууга уруксат берилген жок.

Мындай чектөө Сауд Арабиясынын тарыхында биринчи жолу киргизилди.

Адатта 180дей мамлекеттен эки миллиондой адам беш күнгө созула турган ажылык жөрөлгөлөрүн аткарыш үчүн келчү.

Быйыл падышалыктын аймагында гана жашаган, жашы 65тен ашпаган, өнөкөт оорулары жок мусулмандар зыярат кыла алышат. Алардын саны миңден он миңге чейин болору кабарланууда.

Мекке шаарына башка аймактардан келгендердин дене табы текшерилип, жүктөрү толук дезинфекцияланууда.

Ажылыкты уюштуруу боюнча министрликтин өкүлү Амр Аль-Мадда бийлик бардык гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөп жатканын билдирди.

Ушул жылдын февраль айында Сауд Арабиясы Мекке менен Медина шаарларына чет өлкөлүк зыяратчылардын кичи ажылыкка же умрага келишин чектеген.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Сауд Арабиясында 270 миңдей адам коронавирус жугузуп алган. Илдет бул өлкөдө 2700дөн көп адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG