Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

АКШ Ооганстанда үч күндүк атышууну токтотуу боюнча макулдашууну кубаттады


Ооганстанда Курман Айт майрамына даярдык башталды. 27-июль, 2020-жыл.
Ооганстанда Курман Айт майрамына даярдык башталды. 27-июль, 2020-жыл.

Кошмо Штаттардын жогорку даражалуу өкүлдөрү Ооганстанда талибдер менен өкмөттүн ортосунда макулдашылган үч күнгө атышууну токтото туруу жараянын кубатташты.

«Биз Айт маалында атышууну токтотуу тууралуу талибдердин жарыясын жана ага жооп катары жасалган ооган өкмөтүнүн билдирүүсүн кубаттайбыз», деп жазды АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад.

Эки тарап мындай чечимди Курман Айт майрамына байланыштуу кабыл алды. Учурда Халилзад Кабул менен «Талибан» кыймылынын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандантууга аракет кылып жүргөн кези. Ал жакын арада Пакистанга, Оогангстанга жана Катарга барууну көздөп жатат.

Атышуунун убактылуу токтотошун АКШнын Кабулдагы башкы дипломаты Росс Уилсон да кубаттады.

Вашингтон менен талибдер ушул жылдын февраль айында Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келаткан согуштуу токтотуу максатында тынчтык келишимине кол коюшкан.

Андан кийин кыймыл менен Кабул ортосунда ички сүйлөшүүлөр башталмак. Бирок ал туткундарды алмашуу маселесине байланыштуу токтоп турат.

XS
SM
MD
LG