Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

Ошто видеоблогер, журналист Адыл Акжол уулу УКМКга чакырылды


Адыл Акжол уулу.
Адыл Акжол уулу.

Адыл Акжол уулу 29-июль күнү кечки саат бештер чамасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) телефон аркылуу чакыртылды. Бул тууралуу блогер мекеменин Ош шаардык бөлүмүнө кирип баратып «Азаттыкка» билдирди жана чакыртылышынын себебин ишине байланыштуу болушу мүмкүн деп болжоду:

«Тез арада келбесең болбойт, өзүң үчүн жакшы болот» деди. Чакыруу кагазын деле беришкен жок. Телефон аркылуу да себебин түшүндүрүшпөдү. Өзгөндөгү окуя боюнча кечээ топтолгон 40ка жакын кишини тартып чыгаргамын. Менин кемчилигим - анын аталышын түз эфирде туура эмес жазып алыптырмын. Аны дароо эле оңдогон элем. Тасмалардын баарын да өчүрүп салгам», - деди Акжол уулу.

Блогердин чакыртылышына байланыштуу аталган мекеме комментарий бере элек.

Адыл Акжол уулу - Оштогу эң таанымал ютуберлердин бири. Анын "YouTube" каналында 400 миңден ашуун катталуучу бар. 2019-жылга чейин бир топ жыл шаардагы ОшТВ телеканалында журналист болуп эмгектенген. (DU)

XS
SM
MD
LG