Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ишканалар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Азамат Кубанычев 59 жаш курагында, дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Мамлекеттик мүлк фонду маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
Азамат Кубанычев 1959-жылы Кемин районунда туулган. 1978-жылы Фрунзедеги Финансы-экономикалык техникумду, 1998-жылы Улуттук университеттин экономика факультетин «Финансы жана насыя» адистиги боюнча аяктаган.
Азамат Кубанычов Кемин, Сузак райондорунда, Мамлекеттик салык кызматында, Эсеп палатасында иштеген. Мамлекеттик мүлк фондунда 2015-жылдан бери иштеген.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан 1347 адам каза тапты. Жалпы илдет жугузуп алгандардын саны 34 512 киши. 1047 бейтап оорудан айыкты. 17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштаган. (ZKo)