Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Пакистан: кудайга акаарат келтиргени үчүн айыпталган адам сотто өлтүрүлдү


Пешавардагы сот залынын алдында чогулган коопсуздук күчтөрү. 29-июль, 2020-жыл. Пакистан.
Пешавардагы сот залынын алдында чогулган коопсуздук күчтөрү. 29-июль, 2020-жыл. Пакистан.

Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаарында кудайга акаарат келтиргени үчүн айыпталып жаткан адамды 29-июлда сот залынан атып кетишти.

Халид Хасан атуу кол салган жигит катуу кайтарууда өтүп жаткан сот жараянына кантип киргени белгисиз. Ал кармалгандан кийин полицияга берген көрсөтмөсүндө соттолуп жаткан адамды Ахмади динин тутунганы үчүн өлтүргөнүн билдирген. Ошондой эле ага бул буйрукту Мухаммед пайгамбар бергенин айткан.

Сот залында өлтүрүлгөн Тахир Насим эки жыл мурда өзүн пайгамбар деп жарыялап алгандан кийин камалган.

Пакистанда Ахмади динин тутунган төрт миллиондой адам бар. Алар ондогон жылдардан бери коркутуп-үркүтүүгө дуушар болуп келишет.

Ахмадилер өзүлөрүн исламдын жолдоочулары катары сыпатташат. Бирок Исламабад 1974-жылы бул топтун исламга тиешеси жок экенин жарыялаган.

Пакистанда «Кудайга акаарат келтирүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, кудайга, исламга же дин аалымдарына шек келтиргендер өлүм жазасына тартылат.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар бийлик бул мыйзамды диний азчылыктарды коркутуу жана жеке өч алуу үчүн колдонуп келгенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG