Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Түркмөнстанда мүрзөлөрдү жандоочтон жашыруу талап кылынууда


Коронавирустан каза болгондорду көмүүчү көрүстөн. Түркмөнстан. Июль, 2020-жыл.
Коронавирустан каза болгондорду көмүүчү көрүстөн. Түркмөнстан. Июль, 2020-жыл.

Түркмөнстандын Лебап облусунун бийлиги маркумдардын сөөгүн жерге жандоочтон көрүнбөгүдөй кылып жашырууну жакындарынан талап кылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды. Бийликтин мындай талабы АССА агенттиги жандоочтон алынган маалыматтарга таянып, Балканабад шаарындагы көрүстөндө жаңы жайлардын көбөйгөнүн жазгандан кийин коюла баштады.

Журналисттер 2018-жылдын март айынан 2020-жылдын мартына чейин шаарда 524 адам каза болгонун, ал эми быйыл 25-марттан 16-апрелге чейинки аралыкта эле 317 маркумдун мүрзөсү пайда болгонун жазышты. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматы боюнча, Лебап облусундагы көрүстөндөрдө мүрзөлөрдүн саны былтыркыдан 15 эсе көбөйдү.

Бийлик элден мүрзөлөрдү тегиздеп, сөөктү жандоочтон көрүнбөй тургандай кылып көмүүнү талап кылууда. Ошондой эле тажыяга барууга, мүрзөгө эстелик жана башка белгилерди коюуга тыюу салды.

Журналисттер коронавирусту дарылоочу ооруканаларда ИВЛ аппараттары да жетишсиздигин маалымдашууда. Ашгабатка жакын жердеги инфекциялык ооруканада жасалма дем алдыруучу аппарат колдонгон бейтаптан күнүнө 56 доллар талап кылынып жатканы кабарланды.

Түркмөнстанда коронавирус илдетине чалдыккандар дээрлик ар бир үй-бүлөдө бар экенин, оорудан каза болгондор көбөйүп, көр казуучуларга суроо-талап күчөгөнүн, өлүкканалардан сөөктөр полиэтилен кагазына оролуп берилип жатканын журналисттер жазышкан.

Өткөн жумада активисттер Түркмөнстанда коронавирустан каза болгондор жөнүндө расмий эмес маалыматтар жарыялануучу сайт түзүшкөн. Акыркы маалыматка караганда ал тизмеге 60 маркумдун аты-жөнү катталды.

XS
SM
MD
LG