Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июль - Улуттук аза күтүү күнүндө Кыргызстандын калкына кайрылды.
Мамлекет башчынын сайтында жарыяланган кайрылууда: «Баарыбыздын тагдырыбыз бир, жалпы кыргызстандыктар чогуубуз. Каза болгон жарандарыбыз - ар бирибиздин боордошубуз, жакыныбыз, мекендешибиз, досубуз, коңшубуз же жөн гана таанышыбыз», деп жазылган.
Мамлекет башчы элдин өмүрү, ден соолугу үчүн күрөш бүтө элек экенин белгилеп, илдет менен күрөшүү, элдин ден соолугун сактап калуу - жалпы улуттук күрөш экенин билдирген.
«Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстандын элин да кайгы-муңга салды, боордошторубуздан айрылып калдык. Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болду. Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады. Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла дейбиз. Жараткандан сабыр тилейбиз. Биз баарыбыз бирге аракет кылсак, бир күч, бир дем болсок, бул апаатты жеңебиз!» деп жазылган билдирүүдө.
Мамлекет башчынын 27-июлдагы жарлыгына ылайык 30-июль Коронавирустан каза тапкандарга улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан 1347 адам каза болду. Жалпы илдет жугузуп алгандардын саны 34 512 киши болду. 1047 бейтап оорудан айыкты. 17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштаган. (ZKo)